ТИМ: Тажикстанда жетим калган этникалык кыргыз балдарын камкордукка алуу иштери жүрүүдө

Тажикстанда жетим калган этникалык кыргыз балдарды Кыргызстанда жашаган туугандарынын камкордугуна алуу боюнча зарыл иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, өлкөнүн Тажикстандагы элчилиги аталган маселе боюнча коңшу мамлекеттин тийиштүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошондой эле министрлик Тажикстанда 3 этникалык кыргыз 29-май күнү каза болгондугун, алар Согди облусунун Канибадам районундагы Санджидзор айылынын тургундары экендиги тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, парламенттин 6-июндагы жыйынында депутат Камила Талиева Тажикстандагы этникалык кыргыздардан бир үй-бүлө мыкаачылык менен киши колдуу болуп каза тапканын, маркум ата-эненин артында үч баласы томолой жетим калганын айтып, жетим калган балдарды Кыргызстандагы туугандары багып алууга даяр экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан