
Кыргызстандагы 3 университет QS World University Rankings түзгөн дүйнөдөгү эң мыкты 1503 университеттин катарына кирди. Алар И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Орус Славян университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Анда Кыргыз-Орус Славян университети 851-900, Кыргыз-Түрк “Манас” университети 901-950, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1201-1400 орунду ээледи.
Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Орус Славян университети абройлуу Quacquarelli Symonds рейтингине биринчи жолу кирди.
Бул жылы рейтингинде биринчи орунду АКШдагы Массачусетс технологиялык институти, экинчини Лондон императордук колледжи, үчүнчүнү Оксфорд университети ээледи.
Университеттер төмөндөгү критерийлер боюнча бааланган:
- жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы
- жумуш берүүчүлөр арасында аброю
- окутуучулар менен студенттердин санынын катышы
- окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси
- чет өлкөлүк окутуучулардын катышы
- чет өлкөлүк студенттердин катышы
- эл аралык изилдөө тармагы
- жумушка орношуу көрсөткүчү
- туруктуулук