Ош эл аралык аэропортунда Париж Олимпиада оюндарына лицензия уткан Мунарбек Сейитбек уулун Ош шаарынын мэриясынан, спортчулар жана спортчунун жакындары, күйөрмандары тосуп алышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Мунарбек Сейитбек уулу Бангкокто (Таиланд) өткөн лицензиялык турнирде өз салмак категориясында (57 килограммга чейин) индиялык мушкерди жеңип, жарым финалдык беттеште толук жеңишке жеткен.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстан боюнча Олимпиада оюндарына бокс боюнча лицензия алган жалгыз мушкер.