Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Алматы шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү учурдагы чакырыктар жана коркунучтар, аларды нейтралдаштыруу чаралары боюнча пикир алмашуу болуп, уюмду мындан ары өркүндөтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды.
"Марат Иманкулов өз сөзүндө азыркы учурда жамааттык коопсуздук тутумуна терс таасирин тийгизген, ЖККУнун мамлекет башчылары тарабынан 2016-жылдын 14-октябрында бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге Жамааттык коопсуздук стратегиясында белгиленген дээрлик бардык факторлор курчуганын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Ал белгилегендей, чындыгында сегиз жылдын ичинде кырдаал эбегейсиз курчуп, ушу тапта ядролук жаңжал менен чектеш болуп калды. Террордук аракеттерге каршы туруу жаатындагы абал өтө кооптуу бойдон калууда. Эл аралык террористтик уюмдар бытыранды бандалык түзүмдөрдөн уюшкан тармактык түзүлүштөргө айланып, ар кандай мамлекеттерге кысым көрсөтүү үчүн прокси күч катары колдонулууда.
Анын айтымында, коопсуздуктун татаал жана өзгөрүп жаткан ландшафтын эске алуу менен терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү көйгөйлөрү баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз миграция жана ЖККУнун жоопкерчилик зонасындагы кырдаалга таасир этүүчү башка кыйратуучу факторлор сыяктуу эле өзүнө көбүрөөк көңүл бурууну талап кылууда.
Мындан тышкары коопсуздук кеңешинин катчысы азыркы кырдаал ЖККУнун алкагында киберкоопсуздук, калктын радикалдашуусуна каршы күрөшүү, адистештирилген кадрларды даярдоо маселелеринде, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка чөйрөлөрүндө кызматташтыкты кеңейтүүнү талап кылып жатканын белгиледи.