Орусиядагы трамвай кырсыгында 102 жүргүнчү жабыркады

Орусиянын Кемеров шаарындагы трамвай кырсыгында жабыркаган 102 кишинин 78и ооруканага жаткырылды. Алардын арасында беш бала бар. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жазышууда.

Маалымдалгандай, буга чейин Кемеров шаарынын башчысы Дмитрий Анисимов жаракат алгандардын бири ооруканада каза болгонун кабарлаган. Анын айтымында, дагы үч кишинин абалы оор, экөө реанимация бөлүмүндө жатат.

Ага ылайык, 6-июнда эртең менен айдоочу трамвайды башкара албай калып, ал ылдыйышты көздөй катуу ылдамдыкта жүрүп кеткен. Чукул кайрылышта жүргүнчүлөрдүн айрымдары жерге кулап, жыйынтыгында вагон дагы бир трамвайды барып сүзүлгөн.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, кырсыкка трамвайдын тормоздук системасы иштебей калганы себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан