Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-июнда борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын футболдук беттешин көрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.
Кыргызстан менен Малайзиянын курама командаларынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 2-раундунун бешинчи турунун алкагында өттү.