Садыр Жапаров Пекинде темир жол куруу боюнча макулдашууга жетишкендерге кайрылды

Кечээ, 6-июнда өлкө башчысы Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кол коюу аземи Пекин шаарында үч өлкөнүн бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев катышкан.

"Сиздерди Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя менен куттуктайм. Бул долбоор "Бир алкак - бир жол" демилгесинин маанилүү бөлүгү болот. Темир жол Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин ташуулардын жаңы каттамдарына жол ачарын белгилей кетүү керек. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга ар тараптан оң таасирин тийгизери шексиз", - деди Жапаров.

Мамлекет башчы көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар акыркы 2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алышканын белгилеген.

"Менин 2023-жылдын май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарымдын жүрүшүндө Кытайдын төрагасы урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумда бул темир жолдун курулушун тез арада баштоо зарылдыгы жөнүндө принциптүү өз ара түшүнүшүүгө жетишилди. Жолугушуунун жыйынтыгы маанилүү болуп, бул долбоорду ишке ашырууну олуттуу илгерилетүүгө мүмкүндүк берди. Алсак, үч тараптын биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Андан кийин биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишилди. Үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан