Өзбекстандын президентинин жубайы Түркиянын биринчи айымына баалуу белек берди

Өзбекстандын президентинин жубайы Зироат Мирзиёева менен Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Анкарадагы Президенттик улуттук китепканада болушту. Анда Мирзиёева түрк президентинин жубайына "баалуу белек" бергенин түркиялык басылмалар жазды.

Анда алар "Тамырдан калган мурас" көргөзмөсүн кыдырып чыгышты. Мындан тышкары биринчи айымдар Султан Мехмед II Фатихтин Стамбулду басып алуусунун 571 жылдыгына арналган көргөзмө менен таанышты.

"Зироат Мирзиёева айымга китепканага кошкон баа жеткис эмгектери үчүн ыраазычылык билдирем. Бул сейрек кездешүүчү китептер Өзбекстан менен байыркы достуктун символу болот деп ишенем", - деди Түркиянын биринчи айымы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан