Түркия менен Өзбекстандын президенттери 18 келишимге кол коюшту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияда расмий сапар менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен биргелешкен маалымат жыйынын өткөрдү. Жолугушууда лидерлер эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселесин талкуулап, 18 келишимге кол коюшканын түрк басылмалары жазды.

Шавкат Мирзиёев менен Реджеп Тайип Эрдоган

Маалыматка караганда, Эрдоган Палестина маселесинде Түркия менен Өзбекстандын позициясы окшош экенин белгилеп, көз карандысыз Палестина мамлекетин колдогон Мирзиёевге ыраазычылык билдирди.

"Биз дагы бир жолу Газадагы бейкүнөө адамдарга карата зордук-зомбулукту токтотууга чакырабыз. Израилди массалык киши өлтүрүү үчүн ок-дары жана курал менен колдогон өлкөлөр бул кылмышка шериктеш болууну токтотушу керек", - деди Эрдоган.

Түрк президенти Өзбекстанга түрк инвестицияларынын өсүп жатканына канааттануусун билдирип, өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүү максатын тез арада ишке ашыруу ниетин билдирди. Ал Түркия-Өзбекстан өкмөттөр аралык биргелешкен экономикалык комиссиясынын алкагында 107 пункттан турган иш-чаралар планына кол коюлганын жана ал ишке ашырыла баштаганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан