Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров "Ак шумкарларга" жаңы автобус белек кылды (фото)

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн футбол боюнча улуттук курама командасына автобус белек кылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алган оюндан кийин мамлекет башчысы футболчулар менен жолугушуп, башкы машыктыруучу Штефан Тарковичке автобустун ачкычын тапшырган.

"Жапаров өлкө алдыдагы Оман курама командасы менен боло турган оюндан жеңиш күтүп жатканын белгилеп, эл аралык мелдештерде ийгиликтерди каалады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Малайзияны кабыл алып, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан