"33 миллион рубль". Орусиядагы мигранттарга төлөнбөгөн эмгек акылары жана компенсациялары алынып берилди

Орусияда эмгектенип жүргөн мигранттарга дээрлик 33 миллион рубль төлөнбөгөн эмгек акы жана компенсация алынып берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын январь-май айларында министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү 357 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга көмөк көрсөткөн. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 30,5 миллион рублду түзгөн. Ошондой эле дагы 5 кыргызстандыкка өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,4 миллион рубль өндүрүп берүүгө жардам берген.

"Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо үчүн өкүлчүлүктүн кызматкерлери 21 соттук отурумга катышып, Москва шаарындагы полиция бөлүмдөрүнө, медициналык мекемелерге жана мамлекеттик органдарга 72 жолу барышкан", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары министрлик ата-энесинин камкордугусуз калган 6 жашы жете элек баланы өлкөгө кайтарып алууда көмөк көрсөтүлгөнүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан