Биз социалдык тармакта

Арпага заян келтирген. Министрлик зыяндуу чегирткелер тууралуу маалымат берди

Кечээ, 6-июнда социалдык тармактарга Чүйдүн Сары-Коо айылдык округунун Алтын айылында чегирткелердин арпага зыян келтирип жаткандыгы боюнча маалымат жарыяланган. Буга байланыштуу Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти комментарий берди.

Ага ылайык, адистер аталган айылда 2 трактордук уу чачкычтар менен химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүштү. Натыйжада зыяндуу чегирткелердин айыл чарбасына коркунуч келтирүүсү алдын алынды.

Аталган айылдык округ боюнча жалпы 730 гектар аянтта изилдөө иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 680 гектар аянтта зыяндуу чегирткелер табылган, жана бардык таркалган 680 гектар аянтта иштетүүлөр жүргүзүлдү.

07.06.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан