Кыргызстандын Азербайжандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Осмоналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администарциясы кабарлады.
Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Жарлыкка ылайык Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргызстандын Азербайжандагы жана Баку шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Грузиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Осмоналиев аталган кызматка 2021-жылы июнь айында дайындалган.