Орусияда мигранттарга каршы массалык рейддер башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери мигранттарды метродон же жашаган жеринен "Сфера" жүзүн таануу программасы аркылуу кармашат. Кармалгандардын көбү Ооганстандан келген мигранттар, ошондой эле Конго, Эфиопия, Өзбекстан жана Украинадан келгендер да бар.
Учурда мигранттар Санкт-Петербург, Обнинск, Казань, Воронеж, Ростов-на-Дону шаарларында, Тверь жана Саратов облусунда кармалууда.
Тергөө комитети бул аракеттерди Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын саны көбөйүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.