Биз социалдык тармакта

Жакында Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт. Билет баалары

Бишкек-2-Балыкчы-Бишкек-2 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди 14-июндан 14-июлга чейин ишке киргизилет. Бул учурда поезд ишемби, жекшемби күндөрү каттам аткарат.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы билдиргендей, 15-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттайт.
Поезд Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчыга 11:46да жетет. Балыкчыдан 18:12де чыгып, Бишкекке саат 22:18де келет.
Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, жумшак отургучтар жана дивандар, кошумча буфет кызматы бар жогорку ыңгайлуулуктагы үч вагон бар.
Билет баалары:
  • Стандарттуу вагондордо 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 73 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн 150 сом;
  • Люкс вагондордо 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 250 сом, 10 жаштан ашкан жүргүнчүгө 500 сом;
  • ВИП вагондо 5 жашка чейинки балдар үчүн акысыз, 5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн 400 сом, 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 800 сом.
Билеттерди онлайн https://railway.kg сайтынан жана Бишкек-2 вокзалынын кассаларынан сатып алууга болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан