Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө 12 пансионаттын иши токтотулду (тизме)

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген 12 пансионаттын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чара Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо үчүн көрүлүүдө. Экологиялык нормаларды сактабагандыктан көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген пансионаттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды.

Алар:

"Чолпон-Ата" конок үйү — Чолпон-Ата;

"Белек" — Бостери айылы;

"Золотые пески" — Бостери;
"Взморье Сити" — Бостери;
"Асыл-Таш" — Бостери;
"Дальний кардон" — Семёнов айылы;
"Смена" — Корумду;
"А. Чалжанов" конок үйү — Бактуу-Долоноту;
"Кооператор" — Чок-Тал;
"Ой-Керемет" — Кош-Көл;
"Золотой-Трэбас" — Кош-Көл;
"Улан" балдардын ден соолугун чыңдоочу борбору — Тору-Айгыр.

Бул тизмедеги кээ бир пансионаттар тазалоочу жайларды курууга киришти. Кемчиликтер жоюлгандан кийин туристтик сезонго даярдыгын көрсөткөн паспорт берилип, ишин уланта алат.

Жергиликтүү бийлик Каракол, Балыкчы шаарларында жана Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп райондорунда мониторинг жүргүзүүнү улантарын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан