Биз социалдык тармакта

Кыргызстандык окуучу Кытайда болгон информатика боюнча олимпиадада күмүш медаль жеңди

Кыргызстандык окуучу информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан күмүш медаль жеңип алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, байгени Ян Бобрус Газпром Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу жеңди.

"18-20-май күндөрү Кытайда өткөн олимпиадага Азия-Тынч океан аймагындагы 35 өлкөдөн 286 окуучу катышты. Анда өлкөнүн атынан 7 окуучудан турган команда онлайн видео көзөмөл форматында катышкан", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министрлик Ян Бобрусту олимпиадага мугалим Медербек Осмонов даярдаганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан