Улуттук банк "Банктык төлөм карталар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, банкоматтан чоң сумманы алуу үчүн бир нече жолу акчаны чыгарууга туура келет.
"Эми банк кардарлары бир эле учурда 200 сомдон 20 миң сомго чейин акчаны ала алышат.
Мындан тышкары жаран банктык эсебиндеги акчаны каалаган валютада чыгарууга укуктуу", - деп айтылат маалыматта.