Биз социалдык тармакта

Ошто сейил бакта мыйзамсыз соода-сатык кылгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү (сүрөт)

Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта мыйзамсыз жана өзүм билемдик менен соода-сатык иштерин, оюн-зоок багытындагы иш-аракеттерди жүргүзүп жаткан тараптарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, мындай мыйзамсыз балмуздак саткан соода түйүндөр, велосипеддерди жана электросамокаттарды ижарага бергендер, уруксатсыз орнотулган аттракциондор аныкталып ишмердүүлүгү токтотулду.
Ага ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын, "Сулайман-Тоо" МАБнын кызматкерлери катышты.
"Аталган сейил бакта мындан ары да өзүм билемдик менен уруксаты жок орнотулган соода түйүндөрү, оюн-зоок аянттары болсо чара көрүлөрү эскертилди", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан