Биз социалдык тармакта

"Шоро" компаниясынын суусундуктары Минскте өткөн көргөзмөдө жеңүүчү аталды 

"Шоро" компаниясынын максым жана чалап улуттук суусундуктары Минск шаарында өтүп жаткан "Белагро-2024" эл аралык көргөзмөсүндө "Эң даамдуу" сынагында жеңүүчү болуп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жарыялады.

"Биздин улуттук суусундуктарыбыз көргөзмөгө келген меймандардын чоң кызыгуусун жаратты. Элдик дегустациянын жыйынтыгында кыргызстандык өндүрүүчүлөр көпчүлүк добуш менен биринчиликти ээлеп, жеңишке жетишти.
Көргөзмөнүн уюштуруучулары кыргыз тарапка тиешелүү сертификаттарды тапшырышты", - деп жазды Султанбаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан