Орусия Юлия Тимошенкого издөө жарыялады

Орусиянын Ички иштер министрлиги украиналык саясатчы, экс-премьер-министр Юлия Тимошенкону издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Издөө картасында Тимошенкого кылмыш иши боюнча издөө жарыяланганы менен кайсы берене экени айтылган эмес.

Тимошенко 63 жашта, ал бир нече жолу депутат болуп шайланып, 2007-2010-жылдары премьер-министр болуп иштеген жана үч жолу Украинанын президенттигине талапкер болгон.

Виктор Янукович президент болуп турганда ага каршы бир нече кылмыш иши козголгон. 2011-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен камакка алынып, жети жылга эркинен ажыратылган. Янукович бийликтен кулатылгандан кийин ал бошотулуп, реабилитацияланып, ага каршы иш жабылган.

Азыр Тимошенко "Батькивщина" партиясынын лидери жана Жогорку Раданын депутаты.

Май айында Орусия Украинанын президенти Владимир Зеленскийге каршы кылмыш ишин козгоп, ага издөө жарыялаган.

2022-жылдын февралында Украина менен согуш башталгандан бери Орусия бир катар украиналык жана европалык саясатчыларды камакка алууга ордер берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан