Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан эки жаран табылганын Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.


Маалыматка караганда, 24 жаштагы Ажимурат Сапиев менен 82 жаштагы Кайратбек Такибаев табылды.
"Издөө иштерине активдүү катышкан Октябрь РИИБинин издөө бөлүмүнүн кызматкерлерине, дайынсыз жоголгон адамдын жакындарына ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.