Индияда шайлоодо премьер-министр Нарендра Модинин партиясы жеңди. Ал көпчүлүк добуш алганы менен, 15 жыл ичиндеги эң начар жыйынтыкты көрсөттү.
Чет элдик басылмалар бул Моди үчүн сокку болгонун жазышты. Ал эми бийлигин сактап калуусу үчүн коалициялык өнөктөштөр менен сүйлөшүүгө туура келет. Ошентип Моди биринчи жолу коалиция түзүп башкарганы турат.
Индиядагы жалпы шайлоону өлкөнүн бийлиги “дүйнөлүк тарыхтагы эң ири жана эң узак добуш берүү” деп атады. Рекорддук 50 градус ысыкка карабастан, 2019-жылдагы акыркы шайлоого караганда шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болуп, шайлоого калктын 62 пайызы же 642 миллиондон ашуун адам катышты.
Эксперттер бийликтеги Бхаратия Джаната партиясы жеңерин, башкаруучу альянс 359дан 371ге чейин орун алат деп болжолдошкон.
73 жаштагы Моди менен анын индуисттик-улутчул партиясы Бхаратия Джаната (БДП) көпкө созулган жети баскычтуу шайлоодон кийин 240 орун алып, өкмөттү түзүү үчүн парламентте зарыл болгон 272 орунду ала албай калды. Бул көрсөткүч премьер-министр үчүн артка кетүүнү билдирет. 2019-жылы шайлоодо БДП 303 орунга жеткен.
Белгилей кетсек, добуш берүү жети айлампа менен 19-апрелден 1-июнга чейин жүрдү. Шайлоонун негизги учуру мээ кайнаткан ысык күндөргө туш келди, Индиянын кээ бир аймактарында күндүн ысыгы 50 градуска чейин жетти.