Акылбек Жапаров KOICA президенти менен кызматташтыкты талкуулады 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чанг Вон Сам менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров анда KOICA менен кызматташууну бекемдөө жана өнүктүрүү кыргыз-корея мамилелеринин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Өз кезегинде Чан Вон Сам уюмдун Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан колдоонун чөйрөсүн кеңейтүү боюнча мындан аркы пландарын белгиледи. Ал санариптештирүү, климаттын өзгөрүшү жана билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине токтолуп, уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жөнүндө айтып берди.

Тараптар айыл чарба, жеңил өнөр жай, “жашыл” күн тартибиндеги долбоорлорду ишке ашыруу, шайлоо системасынын потенциалын жогорулатуу жаатында кызматташууну мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан