Кыргызстандык үч балбан Венгрияда өтүп жаткан “Polyák Imre & Varga János Memorial” атындагы рейтингдик турнирде кол байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Алмаз Сманбеков 57 килограммга чейинки салмакта, Алибек Осмонов 70 килограммга чейинки салмак ченинде, ал эми Орозобек Токтомамбетов 74 килограммга чейинки салмакта коло медаль жеңишти.
Белгилей кетсек, спорттук иш-чара 6-9-июнь күндөрү Будапешт шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 6 балбан катышууда.