Ажылык кандайдыр бир саясий ураан үчүн эмес, ибадат үчүн. Бул тууралуу Сауд Арабиянын ажылык жана умра иштери боюнча министри Тавфик ал-Рабиа ажылык учурундагы “саясий жана диний ураандарга” байланыштуу эрежелер тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди.
Министрдин айтымында, мурунку жылдары зыяратчылар бул эрежелерди сакташкан.
"Падышалыктын жетекчилиги ажылык чындап берилгендиктин, бейпилдиктин жана руханияттын эң жогорку деңгээлин камтышы үчүн аракет кылууда", - деди ал.
Сауд Арабиянын Жогорку Соту быйылкы ажылык 14-июнда башталып, Курман айт эки күндөн кийин белгилене турганын билдирди. Быйыл Меккеге ажылыкка 1 миллион 200 миң мусулман барды.