Копенгагенде Даниянын премьер-министрине кол салуу болду

Копенгагенде Даниянын премьер-министри Метте Фредериксенге кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, кол салуу калаадагы Культорвет аянтында болуп, аны белгисиз эркек ур-токмокко алган. Премьер-министрге кол салган адам кармалды.

Метте Фредериксен 46 жашта. Ал 2019-жылдан бери Даниянын премьер-министри болуп иштеп келет.

Эске салсак, 15-майда Словакиянын премьер-министри Роберт Фико кол салуудан жарадар болгон. Саясатчыга Гандлова шаарындагы өкмөт жыйынынан кийин бир нече жолу ок жеген.

Өлтүрүү аракетине шектелген 71 жаштагы жазуучу Юрай Цинтула окуя болгон жерден кармалып, көп өтпөй камакка алынган. Ал 25 жыл же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Цинтула өзүнүн аракетин өкмөттүн саясаты менен макул эместиги менен түшүндүрдү. 31-майда Фико ооруканадан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан