Орусиянын президенти Владимир Путин эмгек миграциясынын жетишсиздиги орус экономикасына терс таасирин тийгизерин айтып, "олуттуу миграциялык саясаттын” жоктугу менен күрөшүүгө убада берди. Бул тууралуу ал Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун пленардык жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өкмөткө бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү тапшырылды.
"Орусияда миграциялык саясат туура түзүлө элек, өлкөдө жаңы келгендер менен көйгөй жок деп айтууга болбойт. Бизге жөн эле эмгек мигранттары эмес, белгилүү бир квалификациядагы, даярдыгы бар, тилибизди, салтыбызды билген адамдар керек", - деди Путин.
Орусияда миграция тармагындагы көйгөйлөр 22-мартта Москвада 145 адам набыт кетип, 550дөн ашууну жараат алган теракттан кийин активдүү талкуулана баштады.