Аламүдүн районундагы “Ала-Арча” эс алуу паркына бара жаткан жолдо эреже бузган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Хундай Грандер үлгүсүндөгү унаадагы эки кыз жүрүп баратканда белинен өйдө чыгып алгандыгы үчүн айдоочуга 15 миң сом айып салынган.
Ошондой эле анын унаасы айып короо жайына киргизилген.