Демонстранттар Армения парламентинин имаратынын алдына чатырларды тигип башташты

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар Баграмян проспектисинде парламент имаратынын алдына чатыр тигип жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Нааразылык акциясынын лидери Баграт Галстанян ушул жерде чатырларда жана машиналарда түнөй турушкандыгын айткан.

Милиция митингчилерди парламентке чектеш Демирчян көчөсүнө эки тараптан киргизген жок.

Жекшембиде нааразылык акцияларынын лидери Баграт Галстанян оппозицияны 11-июнда парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүү демилгесин көтөрүүгө чакырды. Анда күн тартибине өкмөттү жана тарапкерлерин отставкага кетирүү маселеси киргизилиши керектигин кошумчалаган.

Эске салсак, 9-майдан бери Ереванда Пашиняндын кызматтан кетишин, Азербайжан менен чек араны делимитациялоо процессин токтотууну жана бир катар чек ара аймактарын Бакуга өткөрүп берүүнү талап кылган нааразылык акциялары өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан