Францияда Европарламентке шайлоодо оңчул "Улуттук бирикме" партиясынын жеңгенине нааразылык билдирип, Парижде жүздөгөн адам көчөгө чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Париждеги Республика аянтына жүздөгөн адам чогулуп, европалык шайлоолордо "Улуттук бирикменин" жеңгенине каршы нааразылык билдирип чыгышты", - деп айтылат маалыматта.
Нааразылык акциясында экологдордун, UNEF студенттик профсоюзунун, Франциянын Социалисттик партиясынын, "Непокорённая Франция" партиясынын желектери, ошондой эле Палестинанын желектери көрүнгөндүгү белгиленген.
Франциядагы Европарламентке шайлоодо "Улуттук бирикме" партиясы 32 пайыз добушка ээ болуп, жеңип чыкты. Экинчи орунду өлкөнүн президенти Эммануэль Макрондун "Ренессанс" партиясы 15,4 пайыз менен ээледи.