Түндүк Корея Түштүк Кореяга кайрадан таштанды шарларын учурду

Пхеньян кайрадан Түштүк Кореяга таштанды шарларын учуруп, Түштүк Кореянын полициясы жергиликтүү тургундарды аларга тийбөөгө чакырды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги жазды.

Андагы маалыматка ылайык, полиция тургундарга жерге түшкөн таштандыларга тийбөөнү жана бул тууралуу полицияга билдирүүнү сунуштады. Полиция шамалдан улам Түндүк Кореядан учурулган шарлар дагы түштүктү көздөй жылышы мүмкүн экенин билдирген.

Агенттиктин маалыматына караганда, өткөн аптадан бери Түндүк Корея чек арадан дээрлик 1000дей шар учурган. Шарлардын ичине даарат кагазы, желим бөтөлкөлөр, батарейкалар, бут кийимдин тетиктери жана кык болгон.

Бул жолу эки мамлекеттин чек арасынан 260ка жакын шар өттү.

3-июнда Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши эки мамлекеттин чек арасы аркылуу аба шарларын учуруу уланып жаткандыктан, Түндүк Корея менен аскердик келишимди токтотуу чечимин кабыл алган.

Түштүк Кореянын бийликтери бул келишим менен чектелген демаркация сызыгына жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрүүгө, ошондой эле Түндүк Кореянын провокацияларына каршы дагы адекваттуу жана тез чараларды көрүүгө мүмкүндүк берерин тактады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан