Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга мыйзамсыз киргени жаткан Porsche Panamera унаасы токтотулду

Түштүк-батыш бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Porsche Panamera үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз алып келүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу Бажы кызматы маалымдады.

"Достук" алдын ала бажылык жол-жоболоштуруу жайынын аймагында жасалма документтер менен өтүүгө аракет кылган учурда Казакстандын жараны М.Инин башкаруусундагы Porsche Panamera үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 255 миң сомду түздү", - деп билдиришти Бажы кызматынан.

Факт каттоого алынып, чогултулган материалдар юридикалык баа берүү жана караштуулугу боюнча өткөрүп берүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан