Кыргызстанда боз үйдө дарыланган. Орусиялык ырчы, ырлардын автору, музыкалык продюсер МакSим 41 жашка толду

Бүгүн, 10-июнда орусиялык аткаруучу, ырлардын автору, музыкалык продюсер МакСим өзүнүн 41 жашын белгилеп жатат. Өзүнүн аты-жөнү Марина Абросимова. Ал 1983-жылы Татарстандын Казань шаарында жарык дүйнөгө келген.

Ал учурда жаман адаттарынан арылып, жай жашоосуна кайтып келип, эки кызын тарбиялап жаткан учуру.

Ал ийгиликке 2006-жылдын 28-мартында 1,5 миллион нускада сатылган "Өткөөл курак" ("Трудный восраст") альбомунун арты менен жеткен. МакСим кыска убакыттын ичинде Орусияда жана КМШ өлкөлөрүндө эң атактуу ырчылардын бири болуп калды. Ал өзүнүн өзгөчө стилин иштеп чыгып, талыкпаган аракетинин аркасында ырчы жаңы кылымдын биринчи декадасында Орусиядагы эң ийгиликтүү аткаруучулардын бири болду.

Аткаруучу ырларынын көбүн өзү жазып, аларды автобиографиялык деп атап, коомчулуктун көңүлүн буруп келүүдө. Ырчы өзүн эстрада ырчысына караганда автор-аткаруучу катары мүнөздөйт. Ал күйөрмандары жеке жашоосуна эмес, биринчи кезекте анын чыгармачылыгына көңүл буруусун каалайт.

Дагы бир кызыктуу факт - анын дебюттук альбомундагы бардык ырлары өспүрүмдөргө арналган.

Өткөн жылы МакСим ичимдикке берилип кеткенин моюнуна алган. Анын айтымында, ал дарылануу үчүн Кыргызстанга барган.

"Мен бир нече жолу дарыландым. Бирок андан кийин досторумдун жана туугандарымдын өтүнүчү менен Кыргызстанга барып, Ысык-Көлдүн жээгинде боз үйдө эс алдым. Анда ар кандай машыгууларды баштан өткөрдүм. Азыр мен жашоомду бир мүнөт да колдон чыгарбай, күн сайын болуп жаткан көз ирмемдерден ырахат алганга аракет кылам”, - деп айткан ырчы маектеринин биринде.

Эске сала кетсек, 2021-жылы ырчы коронавирустан улам катуу ооруган. МакСим бир нече күн комада жатып, жүрөгү эки жолу токтоп калган. Дарыгерлер аны аман алып калышкан. Бактыга жараша, аткаруучу тез эле айыгып кеткен. Бирок күйөрмандары аны сахнага кайтып келбейт деп шектене башташкан.

МакСим учурда дагы бир маанилүү миссияны колуна алган. Марина жакында энелер үчүн убактылуу баш калкалоочу жайга барган. Бул Москвадагы кризистик борбордо оор кырдаалга кабылган балалуу энелер жана кош бойлуу аялдар каржылык, юридикалык жана психологиялык жардам ала алышат.

Ырчынын айтымында, ал буга чейин мындай жардам борборлору бар экенин билчү эмес.

"Бул убактылуу баш калкалоочу жай тууралуу билгенден кийин алардын жашоочулары менен жолугууга бардым. Бул жерде аларга психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүп, кош бойлуулуктун сакталышына, дени сак баланын төрөлүшүнө жардам берилип келет. Мен биздин өлкөдө дени сак балдардын төрөлүшүнө тилектешмин. Ал тургай борбордун ичинде да буга чейин бири-бири менен дос болуп, бири-бирин колдоп, жардам берип кеткен кыздар көп экен”, - дейт МакСим.

"Азыр мен өзүмдү өнүктүрүү менен алектенип жатам. Искусство тууралуу китептерди окуйм, тарых боюнча лекцияларды угам. Мен көбүнчө чуркоо, теннис жана бокс менен машыгам. Кыздарым менен убакыт өткөргөндү жакшы көрөм. Өзүмдүн кыздарым жана Искусство мектебимдеги балдар менен өткөргөн жылдарым үчүн эч качан өкүнбөйм", - дейт ырчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан