Биз социалдык тармакта

Өлкөдө "Кыргызстан жаштар кыймылы" түзүлдү

Өлкөдө "Кыргызстан жаштар кыймылы" түзүлүп, биринчи курултайы өттү. Бул тууралуу Маданият, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 8-июнда өтүп, ага өлкөнүн коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышууга кызыкдар 200дөн ашык жаштар чогулду.
"Иш-чаранын жүрүшүндө кыймылдын презентациясы сунушталды. Эсептөө комиссиясы, курултайдын кеңеши бекитилди. Андан соң эсептөө палатасы жана курултайдын кеңешинин протоколу тааныштырылып, Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы шайланды", - деп жазылат маалыматта.
Кыймылдын максаты - жалпы максаттарга жетүү үчүн жаштарды бириктирүү, инсанды өнүктүрүү жана коомдук турмушка активдүү катышуу, жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө, кесиптик жактан өсүүгө жана өз потенциалын ишке ашырууга умтулуусун колдоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан