Индиянын үчүнчү жолу шайланган жаңы премьер-министри Моди ант берди

Кечээ, 9-июнда Нарендра Моди Индиянын премьер-министри катары ант берди. Ал бул кызматты үчүнчү жолу ээлеген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда Делидеги президенттик резиденцияда өткөн салтанатка Индиянын президенти Драупади Мурму төрагалык кылды. Иш-чарага миңдеген коноктор, анын ичинде Бангладештин, Шри-Ланканын, Непалдын, Мальдивдердин лидерлери, ишкерлер жана Болливуд жылдыздары катышты.

"7-июнда Индиянын президенти Моди өкмөттү түзүүгө чакырды. Батыш маалымат каражаттары белгилегендей, Моди бийликке келгенден бери биринчи жолу өкмөттү өз алдынча эмес, башка партиялар менен биргеликте коалиция менен түздү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Модинин “Бхаратия Жаната” партиясы парламенттеги 543 орундун 286сын ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан