Мексикада түнкү клубдардын биринде 3-кабатындагы балкон кулап, 3 адам каза болуп, 16 киши жаракат алды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, каргашалуу окуя 7-июнь күнү болгон.
«Клубда эл көп болгон, алар ырчы Кевин Моренонун ырынын бет ачарына келген. Бир нече жаштар үчүнчү кабаттан кулап кетишкен. Үчөө ошол жерде каза болуп, 16сы жарадар болгон. Беш кишинин абалы өтө оор деп бааланып, учурда жандандыруу бөлүмүндө», - деп кабарлаган басылмалар.