Биз социалдык тармакта

Таластагы чокулардын бирине "Бакай ата" аталышын берүү сунушталууда

Таластагы чокулардын бирин "Бакай ата" деп атоо сунушталууда. Бул тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, аталыш Айтматов районунун Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркаларынын эң бийик чокусуна ыйгарылмакчы.

"Мыйзам долбоору Бакайыр айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркаларынын эң бийик аты жок чокусуна “Бакай ата” географиялык аталышын ыйгаруу максатында иштелип чыкты. Бул чоку деңиз деңгээлинен 4457 метр бийиктикте, Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабындагы ак кар, көк муздуу, мөңгү баскан чоку", - деп айтылат долбоордун негиздемесинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан