Бишкектеги курулуш компанияларына 40 миң сомго чейин айып пул салынды

Муниципалдык инспекция күн сайын борбордун санитардык абалын көзөмөлдөп, шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоодо. Бул туурасында Бишкек мэриясы бүгүн, 10-июнда кабарлады.

Маалымдалгандай, "ТС Групп Констракшн" курулуш компаниясынын жумушчулары курулуш таштандыларын өрттөшкөн. Мыйзам чегинде алардын бул кадамы 23 миң сом айып салууга алып келген.

"ДорСтрой Групп" ЖЧКсына салынган айып пулдун жалпы суммасы 40 000 сомду түзгөн. Жанаша жайгашкан аймакты тазалыкка жана тартипке келтирүүгө 5 күндүк мөөнөт берилген. Даракка электр зымын ороп, конструкцияны бузгандыгы үчүн жеке ишкер айыпка жыгылган. Эки жеке ишкерге 26 000 сом айып салынды, жеке адамга 3000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү. "Демир банкка" жанаша жайгашкан аймакты таза жана иреттүү кармоо, ошондой эле короодогу отургучтарды сырдоо жана калыбына келтирүү боюнча көрсөтмө берилген”, - деп белгиленген маалыматта.

Айта кетсек, мэрия Бишкек шаарындагы бардык уюмдар жана чарба жүргүзүүчү субъекттер борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык тиешелүү түрдө жанаша аймакты таза кармоосу зарыл экендигин эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан