Садыр Жапаров Кувейтке жаңы элчи дайындады

Кыргызстандын Кувейттеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Нурлан Токобаев дайындалды. Бул жөнүндө президенттин администрациясы бүгүн, 10-июнда билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин аталган кызматты Азамат Карагулов аркалаган. Ал ушул жылдын 5-мартында кызматынан бошотулганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан