Жалал-Абадда уурулукка шектелип, бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Жалал-Абадда уурулукка шектелип, мурун соттолгон 27 жаштагы Оштун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 26-мартта милицияга Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз жаран дүкөнүнүн терезесин сындырып кирип, кассадан акча каражатын жана уюлдук телефондор үчүн аксессуарларды уурдаган.

Натыйжада 46 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген. Уурдоо” беренеси менен Араван районунун 27 жаштагы тургуну кармалган. Шектүү Ош шаардык, Араван райондук жана Кара-Суу райондук соту тарабынан бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан