Венада эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды

Вена шаарында Эл аралык энергетикалык инвестициялык форум башталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, форум президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусу менен башталып, андан соң Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун куттуктоо сөзү менен коштолду.

Анда Министрлер кабинетинин төрагасы форум Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да эсте каларлык болорун, анткени биринчи кезекте Аймактык маанидеги долбоор – "Камбар-Ата ГЭС-1дин" курулушу талкууланарын белгиледи.

Ага ылайык, Жапаров дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келген, жашыл келечектин флагманы болууга багытталган долбоорго чоң кызыгуу көрсөткөн форумдун бардык катышуучуларына ыраазычылык билдирди.

Ал куттуктоо сөзүнүн аягында форум тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн гана эмес, стратегиялык өнөктөштүктүн жана чечкиндүү биргелешкен аракеттердин уникалдуу аянтчасы болуп каларына ишенимдүү экендигин айтты.

"Бул форум жашоонун сапатын жакшыртууга жана планетабыздын жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор жана демилгелер үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачсын", - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, бул энергетикалык форум Дүйнөлүк банк тобунун колдоосу жана Австрия өкмөтүнүн көмөгү менен Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Форумга 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилиги, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн делегациялары жана жеке инвесторлор катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан