Шаардагы бизнес: Ozon’дун буйрутмаларды берүү пункттарын ачуу менен кантип акча тапса болот? 

Барган сайын Кыргызстандын жашоочулары товарларды маркетплейстер аркылуу сатып алып, аларды көбүнчө буйрутма берүүчү пункттардан алып кетишүүдө. Мындай пункттарды ачуу – бул жөнөкөй жана кирешелүү бизнес, ал жакшы үй-бүлөлүк бизнеске айланып же негизги жумуштан тышкаркы кошумча иш боло алат.

Буйрутмаларды берүү пункттары эмнеге керек?

Буйрутмаларды берүү пункттары – маркетплейстин экосистемасынын маанилүү бөлүгү. Ozon’дун статистикасы көрсөткөндөй, 10 кардардын 8и өз буйрутмаларын ушундай пункттардан алып кетүүнү туура көрүшөт, себеби жумушка, окууга же үйгө баратканда ыңгайлуу убакыт таап, кире калуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ушундан улам маркетплейстин колдонуучуларынын саны тынымсыз көбөйүүдө.

Ozon платформасы буйрутмаларды берүү пункттарынын тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар, себеби алардын саны маркетплейс менен байланышта болгон колдонуучуларга тикелей таасир этет. Ошондуктан Ozon ишкерлерге өз ишин баштоого жана андан ары таанытууга жигердүү түрдө жардам берип келет, ошондой эле иш башталып жатканда кепилденген финансылык колдоо акчасын төлөп берет. Бул кандайдыр бир деңгээлде “тескери франшиза” – Ozon анын брендин колдонуп иштегени үчүн өнөктөштөрүнө акча которот.

2024-жылы Ozon кепилденген колдоо программасы боюнча буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлерине төлөмдөрдү көбөйттү. Эми пунктту ачканда анын ээси 280 000 сомго чейин ала алат.


Ишкердин кирешесин эмнелер түзөт?

Буйрутмаларды берүү пунктунун ээсинин негизги кирешеси – жүгүртүүдөн 3,7%, ушундан улам канчалык көбүрөөк буйрутма пункт аркылуу өтсө, айдын жыйынтыгы боюнча төлөм да ошончолук жогору болот. Мындан тышкары сатуучулардан жана башка логистикалык компаниялардан товарларды кабыл алып да кошумча киреше табуу мүмкүнчүлүгү бар.

Статистика көрсөткөндөй, Ozon’дун үч франчайзисинин экөө бирден ашык пунктту ачышууда. Иш тамырын жайса, сиздин да кирешеңиз көбөйөт. Анын үстүнө бир пунктту ачып алгандан кийин тажрыйба топтоп, кийинкисин ачуу алда канча жеңил болот.

Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктун ачуу планы

Орточо алганда, бир пунктту ачууга 14 күн кетет. Процесс маалында ишкерге Ozon’дун аймактык менеджери жардам берет, ага бардык маселелер боюнча кеңеш сурап кайрыла аласыз. Жалпысынан алганда, буйрутмаларды берүү пунктунун ээси беш этаптан өтүшү керек.

  1. Документтерди даярдап, өтүнмөнү калтырыңыз

Жеке ишкер же юридикалык жак аянтчанын өнөктөшү боло алат. Эгерде мындай статус жок болсо, анда каттоодон өтүшүңүз керек. Жеке ишкердин артыкчылыгы – жөнөкөйлөтүлгөн бухгалтердик отчеттуулук жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, бирок алчу пайданын көлөмү жана жалданган кызматкерлердин саны боюнча чектөөлөр да бар экенин унутпаңыз. Юридикалык жактардын башка формаларында акча жүгүртүү көбүрөөк, бирок салык жагынан алганда анча пайдалуу болбой калат, ал эми отчеттуулукту жол-жоболоштуруу жана жүргүзүү татаалыраак болушу мүмкүн. Уюмдун түрүн тандап жатканда өз пландарыңызга жана мүмкүнчүлүктөрүңүзгө таянышыңыз керек.

  1. Пункт жайгашчу жерди тандап, тастыктаңыз

Сиз муну атайын тиркеме аркылуу жасай аласыз. Ozon’дун багыт берүүчү картасында пунктту ачуу үчүн ылайыктуу жерлер көрүнүп турат. Ошол эле жерде кирешенин болжолдуу суммасы жана кепилденген колдоонун көлөмү кошо чыгат. Бул картага таянып, ижарага берилип жаткан жана сизге ылайыктуу болчу имараттар жайгашкан районду тандашыңыз керек.

Ойдогудай локация – бул эл көп жүрчү жер. Адатта мындай жерлер унаа токтотуучу жайларга, аялдамаларга, бизнес же соода жана оюн-зоок борборлоруна, билим берүүчү же спорт мекемелерине жакын болот.

Ozon’дун имаратка койгон талаптары өтө жупуну. Аянты 25 чарчы метрден көбүрөөк, кире турган өзүнчө эшиги болушу керек жана мейкиндикти бөлүштүрүү мүмкүнүчүлүгү бар болууга тийиш: буйрутмаларды берчү, текшерип көрчү жерлер жана кампа үчүн орун талап кылынат.

  1. Ozon менен агенттик келишимге кол коюуңуз

Келишимге кол коюлгандан кийин ишкер Ozon Learning порталына кире алат. Бул жерден бардык маанилүү маселелер боюнча окуу материалдарын табасыз – кызматкерлерди тандап алгандан баштап, кардарларды тейлөөгө чейин көрсөтмөлөр бар. Мындан тышкары, аянтчанын сайтында жеке кабинет ачылат, анда тапкан кирешеңизди, сыйакынын көлөмүн жана бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды көрүп турасыз. Ошондой эле салык органы үчүн ай сайын отчеттор жана документтер түзүлүп турат.

  1. Пункт үчүн жайды ижарага алуу келишимин түзүп, косметикалык ремонт жасап, кызматкерлерди жалдаңыз

Пункт үчүн жайдын жасалгасына жана анын жайгашуусуна коюлган бардык талаптар Ozon’дун брендбукунда жазылган. Негизги талаптар: ак шып жана жылмакай, бир түстөгү дубалдар, алардын бирине бренддин көрнөгү илинет. Ozon’дун аянтчасы акысыз промо-жыйнак түрүндө болот – имараттын фасадына көрнөк илинип, стикерлерден баштап, такталар жана плакаттар сыяктуу маркетинг материалдарынын топтому коюлат.

Эмеректин ичинен администратор үчүн орун же отургуч, кампага текчелер жана товарды текшерип көрүү үчүн керектүүлөр гана талап кылынат. Жабдуулардын ичинен штрих-коддордун сканери, компьютер жана принтер гана керек болот. Касса зарыл деле эмес, себеби бардык төлөмдөр Ozon платформасында жүргүзүлөт.

Андан соң буйрутмаларды берүү пункттарынын стандарттуу иш убактысын эске алуу менен кызматкерлерди тандап алыш керек. Иш графиги: күн сайын саат 9:00дөн 21:00гө чейин. Кызматкерлерди Ozon окутат.

Ремонт аяктап, пункт ачылууга даяр болгонун аймактык менеджер тастыктайт.

  1. Буйрутмаларды берүү пунктун ачып, акча таба баштаңыз

Пункттун ачылышы жөнүндө кардарларга Ozon өзү кабарлайт — тиркемеде алардын жанында жаңы пункт ачылганы тууралуу билдирүү келет. Мындан тышкары бул пункт бардык карталарда – Яндексте, Google’да, 2ГИСте чыгат.

Сый акы биринчи буйрутма берилген күндөн баштап төлөнөт. Адатта, Ozon’дун чабарманы товарды иш убактысында, тактап айтканда, саат 9:00дөн 21:00гө чейин алып келет. Кызматкерлер товарды кабыл алып, аны кардарларга бериши керек. Процессти уюштурууга ишкерлер үчүн атайын тиркеме жардам берет – бул жерде буйрутманын кампадагы орду жазылгандыктан, аны тез арада таап, кардарга берүү оңой болот.

Ozon’дун Кыргызстандагы буйрутмаларды берүү пункттарынын тармагы азыр жигердүү түрдө калыптанып келатат. Мындай объектилерди ачуу туруктуу киреше алууга жана финансылык эркиндикке жетүүгө шарт түзүп берет. Толук маалымат алып, катталуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан