Биз социалдык тармакта

Өлкөдө 14 кесиптик лицейдин жетекчи кызматына ачык конкурс жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын директорунун бош кызмат ордуна конкурстук тандоо өткөрүүгө ачык сынак жарыялады. Бул туурасында бүгүн, 10-июнда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, ачык конкурс 14 кесиптик лицейдин жана 2 кесиптик окуу жайдын директорунун бош кызмат ордуна жарыяланган.

Документтерди кабыл алуу 21-июнга чейин Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөчөсүндө жайгашкан Билим берүү жана илим министрлигинин имаратында, 219-кабинетте жүргүзүлө тургандыгы кошумчаланды.

Сурап-билүү телефондору: 0312 62 05 09

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан