Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо үчүн эки көчө жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Иса Ахунбаев көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен А.Малдыбаев көчөсүнө чейин жана Байтик баатыр көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейин.
"Жолдордун жабылышынан улам унаа тыгындарын болтурбоо максатында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 15-июлдан тартып (1-этап) оңдоо иштерин баштоо чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.