Украинанын калыбына келтирүү боюнча агенттигинин жетекчиси кызматтан кетти

Украинанын реконструкциялоо жана инфраструктураны өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Мустафа Найемди украин бийликтери Германиядагы Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференциянын катышуучуларынын катарына кошпой койгондон кийин кызматтан кетирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышууда.

Буга чейин Блумберг агенттиги Киевдеги ички саясий пикир келишпестиктерден улам Найем Германияда 11-12-июнда өтүүчү Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияга катышпай турганын билдирген. Ошондой эле ал Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал анын Берлинге иш сапары менен баруу өтүнүчүн четке кагып, себептерин айтпаганын кошумчалаган.

"Найем кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Найем менен бирге мекеменин башка кызматкерлери да кызматтан кетүү боюнча арызын жазышкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан