Бишкекте "Тазалыктын" жумушчусун сүзүп, качып кеткен жаран милиция кызматкери болуп чыкты

Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен адам милиция кызматкери болуп чыкты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, кырсык 8-июнь күнү саат 04:30 чамасында Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз адам «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Кырсыктан жабыркаган аял ооруканага жеткирилген.

Бул окуядан кийин тергөөгө чейинки текшерүү башталып, "Перехват" планы жарыяланган.

Көп өтпөй айдоочунун өздүгү аныкталган. Ал өргүүдө жүргөн милиция кызматкери, 1992-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталды. Анын унаасы айып короого киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан