Биз социалдык тармакта

“Эл үмүтү” стипендиясына катышууну каалагандардан 149 арыз түштү

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын алууга быйыл веб-портал аркылуу 149 адам арыз жөнөттү. Бул туурасында бүгүн, 10-июнда Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, анын ичинен 55 талапкерде документтердин толук пакети болсо, 94үнүн арыздары талаптарга жооп берген эмес.

“2024-2025-окуу жылына карата “Эл үмүтү” стипендиясын алуу үчүн сынакка документтерди кабыл алуу тууралуу маалымат 15-апрелде жарыяланган. 1-майдан 30-майга чейин портал аркылуу каттоо жүргүзүлүп, документтер кабыл алынган”, - деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан