Мектептердин курулушун абалына жараша бөлүп, тартипке келтирүү максатында мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аталган мыйзам Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.
Аталган мыйзамда мектептерди абалына жана жүктөмүнө жараша классификациялоо сунушталууда. Анда окуучулардын саны ченемден 2,5 эседен ашкан жана оор авариялык абалдагы мектептер "кызыл", ал эми эки эседен ашса "сары" жана авариялык мектептер "көк" түстөгү классификацияга киргизилери каралган.
Ага ылайык, биринчи кезекте "кызыл" жана "көк", андан кийин "сары" зоналарда жайгашкан мектептерди оңдоо жана куруу иштери аткарылат.
"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2154 мамлекеттик мектеп бар, алардын ичинен 233 мектептин иш жүгү мектептин толукталуу ченеминен 2,5 эсеге ашат. 260 мектепте окугандардын саны бул ченемден 2,5 эседен аз ашат. Ошондой эле алардын ичинен 94 мектеп авариялык абалда", - деп жазылган долбоордун негиздемесинде.
Ошондой эле мыйзамда 2025-жылдын аягына чейин "кызыл", 2026-жылга "сары" классификациясында жайгашкан мектептерди оңдоо жана курулушун аяктоо үчүн каражат бөлүү сунушталган.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Элдар Абакиров жана Аида Исатбек кызы.