Мексикада аномалдуу ысыктан 90 адам каза болду

Мексикада жыл башынан бери аномалдуу ысыктан 90 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Мексикалык басылмалардын маалыматына караганда, Веракрус, Табаско, Тамаулипас, Нуэво-Леон жана Сан Луис Потоси сыяктуу штаттарда өтө жогорку температуранын таасиринен каза болгондордун саны өсүүдө.

Мексиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 29-майдан 5-июнга чейин эле аномалдуу ысыктын кесепеттеринен 29 адам каза болгон. Эки миңге жакын адам ысыктан улам ооруканаларга кайрылышкан.

"Улуттук метеорологиялык кызмат (SMN) жакынкы күндөрдө өлкөдө өтө жогорку температуранын толкуну улана турганын болжолдоодо. Өнөкөт оорулары бар адамдарга зарылчылык болбосо, белгилүү сааттарда сыртка чыкпоо сунушталган", - деп айтылат маалыматта.

Мексиканын Улуттук автономиялык университети (UNAM) май айынын акыркы 15 күнүндө өлкөнүн тарыхындагы эң жогорку температура болгонун билдирди. Мексиканын 14 штатында абанын температурасы 40 градустан ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан